Трамп АКШ Иранга бир апталык тыныгуу бергенин билдирди

/ Саясат / 43
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Иранга алардын каза болгон руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатып алышы үчүн «бир жумалык тыныгуу» бергенин айтууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Алар абалды жөнгө салууга абдан кызыкдар, ошондуктан сүйлөшүүгө умтулуп жатат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу аларга бир жума убакыт бердик, бул биздин адамгерчилигибиз», — деген Трамп Түштүк Дакотадагы митингде айткан сөзүндө.
АКШ лидери сүйлөшүүлөрдө бир апталык тыныгуу жарыяланганын так айткан жок, бирок мындай билдирүүсүн Вашингтон менен Тегерандын дискуссиясынын тегерегинде болуп жаткан сөзүндө кыйытып өттү.
Ирандын мурдагы рухний лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-июлда, чет элдик коноктор, саясатчылар жана коомдук ишмерлердин катышуусундагы иш-чаралар менен башталган. Анын негизги бөлүгү 4-июлдан 9-июлга чейин Ирандын бир катар шаарларында өтөт. Хаменеинин сөөгү өзү туулуп, өскөн Мешхед шаарына күмүлөөрү айтылган.
Бөлүшүү https://test.marka.kg/tramp-aksh-iranga-bir-aptalyk-tynyguu-bergenin-bildirdi/
Жарнама