Бишкекте автобус тогуз жашар баланы тебелеп кетти, натыйжада ал алган жаракатынан улам реанимация бөлүмүнөн көз жумду.
Кырсыкка кабылган баланы коомдук транспорттун дөңгөлөгүнүн астынан чыгарып жаткан видео социалдык тармактарга тарады.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы бүгүн эртең менен болгон. Жаш Гвардия проспекти менен бара жаткан автобус Рыскулов көчөсүнө бурулуп жатканда баланы тебелеп кеткен.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, автобустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Акыркы маалымат боюнча бала каза болуп калган.
