Кыргызстанда жарандар жана чет өлкөлүк инвесторлор брокердик эсепти аралыктан ачууга шарт түзүлдү. Бул үчүн Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.
Мамфинкөзөмөлдүн маалыматына ылайык, жаңы тартип брокерлерге мамлекеттик маалыматтык системаларды колдонуу аркылуу кардарларды онлайн идентификациялоого жана текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Буга чейин брокердик эсеп ачуу үчүн жарандар кеңсеге жеке барып, документтерди кагаз түрүндө толтурушу керек болчу. Идентификация жана текшерүү процесси 2–3 күнгө чейин созулса, эми ал 15 мүнөттүн ичинде бүткөрүлүшү мүмкүн.
Жаңы мүмкүнчүлүк мамлекеттик системаларга интеграция аяктагандан кийин ишке кирет. Онлайн кызмат Кыргызстандын жарандары менен катар өлкөгө келбестен эсеп ачууну каалаган чет өлкөлүк кардарларга да жеткиликтүү болот.
Долбоор «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылды.
