Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунун башкы кире бериши ачылды.
Ошону менен бирге аэровокзалдын имаратын кеңири масштабда оңдоп-түзөө иштери дагы деле уланууда.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында реконструкциялоо иштеринин алкагында аэропортто жаңы күтүү залдары жана каттоо зоналары пайда болуп, стерилдүү зона жаңыланган. Ошондой эле учуп келген жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
