Бишкекте түнкү автобустардын каерде келе жатканын онлайн көрүүгө болот

/ Коом / 25
Бишкектеги коомдук транспорттун түнкү каттамдары тууралуу маалымат «Менин шаарым» мобилдик тиркемесине кошулду. Бул тууралуу мэриянын Санариптик технологиялар борбору муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа тургундары ал аркылуу №3, 5, 13, 16, 19, 35 жана 45 түнкү автобустардын каерде келе жатканын онлайн көрүп, өзүнө ылайыктуусун тандай алат.
Адистердин айтымында, бул кызмат жумуштан кеч кайткан же түнкү нөөмөттө иштегендер, жол жүрүүсүн алдын ала пландаган шаар тургундары жана коноктору үчүн өзгөчө пайдалуу болот.
Жаңы функцияны колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин ачып, «Транспорт» бөлүмүнө киргенден кийин «Түнкү каттамдарды» тандоо керек.
Бөлүшүү https://test.marka.kg/bishkekte-tunku-avtobustardyn-kaerde-kele-zhatkanyn-onlajn-koruugo-bolot/
Безлимит 500 Pro Max