Виктория Мозгачева Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин аталган кызматты Альберт Махметкулов аркалап келген.
Виктория Мозгачева буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болуп эмгектенип, социалдык саясат маселелерин көзөмөлдөп келген. Ал бул кызматка алгач 2020-жылы дайындалып, 2021-жылдын май айында кайрадан дайындалган.
2026-жылдын 15-июнунда башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулган.

