Кыргыз делегациясын азем өтүүчү жайда Иран парламентинин вице-спикери тосуп алган. Протоколго ылайык, төрага борбордук коштошуу залында маркумдун элесине таазим этип, андан соң Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү менен жолуккан.Эске салсак, Тегеран бүгүн Ислам Республикасынын руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатууда. Кечээ, жума күнү Ирандын жана чет элден келген коомдук жана саясий ишмерлер имам Хомейни мечитинде аятолланы эскерип, Куран окутушкан. Бүгүн ошол эле мечитте Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ал 6-июлга чейин уланат.
Бийлик бул иш-чарага чет жактан келген конокторду кошкондо 15 миллиондон ашык адам келерин билдирген. Мечитке бир маалда он миңдеген киши батат жана эки күн катары менен 14 сааттан Куран окулат. Жеринде тартип сакчылар, Тез жардам кызматы күзөттө турат. Өлкө лидерин эскерүүгө келгендерге суу, ширелер таратылууда. Иран эли шаардагы 35 градустук ысыкка карабай, көчөгө чыгып, аза күтүүдө.
Хаменеинин сөөгү өзү туулуп, өскөн Мешхед шаарына күмүлөөрү айтылган.
