Бүгүндөн тарта Бишкекте түнкү автобустар каттай баштайт

/ Коом / 26
Бүгүндөн тарта Бишкекте 18 автобус түнкү каттамга чыкмай болду.
Мэриядан биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 каттамдар жүрөрүн, ар бир каттамда үчтөн автобус болорун айтышты.
Коомдук транспорт күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин жүрөт.
Жол кире банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө — 70 сом, накталай төлөмдө 90 сом болмокчу.
Бөлүшүү https://test.marka.kg/bugundon-tarta-bishkekte-tunku-avtobustar-kattaj-bashtajt/
Жарнама