20 жыл мурун Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы ооруканаларда дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуккан балдардын энелери мамлекеттен турак жай жана социалдык колдоо талап кылышууда. 10-июлда Ош облустук балдар ооруканасынын алдына чогулган энелер балдарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй берүү талабы менен бийликке кайрылышты.
«2006-2007-жылдары мамлекеттик ооруканадан жабыркаган балдарга сурап жатабыз. Балдар азыр бой жетти. Булар толук кандуу эмес азыр. Бекер бер деп жаткан жокпуз. МИКтен кезексиз, шартсыз деп ыйлап жүрөбүз. Социалдык жөлөк пулун көбөйтүп берсе, ошону төлөп жашашат эле», — деди Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй сураган энелердин бири.
2006-2007-жылдары Ош облусундагы ооруканаларда жапырт ВИЧ жуккан 422 баланын 61и каза болгону, 361и дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.
2022-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жабырлануучуларга бир жолу 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген. Мындан тышкары айына 6,5 миң сомдой жөлөк пул алышат. Бирок ата-энелер бул каражат жетишсиз экенин айтышууда. Буга чейин айрым энелер президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, суроо-талаптарын айтышкан экен. Бул тууралуу энелердин бири билдирди:
«Балдарыбызга 6600 сом гана төлөнөт. Биз балдарыбызга ипотекалык үй берилишин жана жөлөк пулдарын көбөйтүп беришин президенттен суранат элек. Ош шаарына президентибиз эл менен жолугушууга келгенде төрт эне президент менен сүйлөшүп, жолугушканбыз. Ошондон бери үч айга жакындашып калды, президент берип кеткен буйруктардын эч бири аткарылган эмес».

