ЕАЭБ экологиялык таза энергия булактарын өнүктүрүүгө басым жасайт

/ Экономика / 26
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер электр энергиясын өндүрүүдө күн, шамал, суу жана атом энергиясын көбүрөөк колдонууга басым жасашууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Анын айтымында, биримдиктин алдындагы негизги максаттардын бири — мунай менен газга болгон көз карандылыкты азайтуу болуп саналат. Муну менен катар ЕАЭБ аймагында энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири колдонуу пландалууда.
Кожошев ошондой эле биримдикке мүчө өлкөлөр энергетика тармагындагы өз ара кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүп жатканын белгиледи. Учурда келечекте интеграцияны бекемдей турган жалпы энергетикалык рынокту түзүү багытында активдүү иштер жүрүп жатат.
Бөлүшүү https://test.marka.kg/eaeb-ekologiyalyk-taza-energiya-bulaktaryn-onukturuugo-basym-zhasajt/
Безлимит 500 Pro Max