Ош шаарындагы базарда кулпунай саткан дыйкан шектүүлөргө карата дооматы жок экенин билдирип тосмо арыз жазды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Ошол эле учурда иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Ош облустук соту фермерге кол салууга шектелген үч адам үй камагына чыгарылганын маалымдады. Сот алардын буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын жана жабырлануучу менен жарашып алышканын эске алуу менен ушундай чечимге келген.
Белгилей кетсек, жаңжалга катышкан төрт кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен иш козголгон. Алардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирөөсүнүн жашы жете элек балдары болгону үчүн үй камагына чыгарылган.

