«Манас» эл аралык аэропортунда чет элдик жаран бажы декларациясын толтурбастан ири өлчөмдөгү накталай акчаны өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери А.А. аттуу өзбекстандык жарандын жанынан 28 миң 160 доллар өлчөмүндөгү накталай акчаны табышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү («Бажы чек арасы аркылуу товарларды же башка баалуулуктарды мыйзамсыз алып өтүү») менен иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

