«Кыргыз ак топозу» жаңы порода катары катталды: анын артыкчылыгы эмнеде?

/ Экономика / 22

Кыргызстанда «Кыргыз ак топозу» өзүнчө жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү. Тиешелүү буйрукка суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кол койгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы порода 20-июлда Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Сырт жайлоосунда расмий каттоого алынган.

Министрликтин маалыматына ылайык, ак топозду өстүрүү жана анын тукумдук сапаттарын жакшыртуу боюнча иштерге белгилүү малчы Таштанбек Акматов чоң салым кошкон. Породаны түзүүгө багытталган системалуу селекциялык иштер 2014-жылдан бери жүргүзүлүп келген.

Министрликтин буга чейинки маалыматтарында Баатырбек жана Таштанбек Акматовдор ак топоздорду көбөйтүү менен 2003-жылдан бери алектенип келгени, ал эми изилдөөлөр Т. Акматов атындагы «Жайчы» чарбасынын базасында жүргүзүлүп жатканы айтылган.

«Кыргыз ак топозунун» артыкчылыгы эмнеде?

Жаңы порода башка топоздордон бир катар баалуу сапаттары менен айырмаланат:

  • сапаттуу жана өңү ачык жүн берет;
  • жумшак, баалуу тыбыты бар;
  • бийик тоолуу жана катаал климаттык шарттарга жакшы көнөт;
  • тирүүлөй салмагы салыштырмалуу оор келет;
  • төл алуу көрсөткүчү жогору;
  • жаңы туулган музоолору тез телчигип, жашоого жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат.

Бул өзгөчөлүктөр илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тастыкталганы белгиленди.

Кыргызстанда топоздор негизинен Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарынын бийик тоолуу жайыттарында багылат. 2026-жылдын башындагы расмий маалымат боюнча өлкөдө 61 миң 650 баш топоз катталган. Алар деңиз деңгээлинен 2000–4500 метр бийиктикте жашап, катуу суукка жана тоолуу аймактардын татаал шарттарына туруштук бере алат.

Ак топоздордун эти, сүтү, жүнү жана териси баалуу продукция катары каралат. Тоң районунда алардын саны 300 баштан ашканы, фермерлер тукумду союуга эмес, көбөйтүүгө жана породалык сапатын жакшыртууга басым жасап жатканы маалымдалган.

«Кыргыз ак топозунун» расмий катталышы өлкөдөгү асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, сейрек кездешүүчү тукумду сактоого жана бийик тоолуу аймактардагы фермерлердин киреше мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзүшү мүмкүн.

Бөлүшүү https://test.marka.kg/kyrgyz-ak-topozu-jany-poroda-katary-kattaldy-anyn-artykchylygy-emnede/
Жарнама