Көп жылдык талкуудан кийин Франция эвтаназия маселеси боюнча чечим кабыл алды

/ Медицина / 24

Франциянын Улуттук жыйыны көп жылдык талаш-тартыштардан кийин оор абалдагы бейтаптарга өмүрүн өз каалоосу менен токтотууга жардам берүү тууралуу мыйзамды жактырды.

Мыйзам долбоору үчүн парламенттин төмөнкү палатасында 291 депутат добуш берсе, 241 депутат каршы чыккан. Буга чейин документ Сенат тарабынан үч жолу четке кагылган.

Эми мыйзамдын айрым беренелери Франциянын Конституциялык кеңешинин кароосуна жөнөтүлөт. Кеңеш жактырган учурда гана документ күчүнө кирет.

Жаңы мыйзамга ылайык, акыркы баскычтагы оор жана айыккыс дартка чалдыккан, туруктуу жана чыдагыс физикалык же психологиялык азап тарткан бойго жеткен жарандар мындай жардам алуу үчүн кайрыла алышат.

Бейтап өзүнүн чечимин дарыгерлерге билдирет. Медициналык адистер кеңешүүлөрдү өткөрүп, 15 күндүн ичинде чечим кабыл алышы керек. Андан кийин бейтапка дагы эки күн ойлонууга убакыт берилет.

Процедура учурунда бейтап өлүмгө алып келүүчү инъекцияны өзү жасашы керек. Эгерде анын физикалык мүмкүнчүлүгү жетпесе, инъекцияны дарыгер же медайым аткарат. Акыркы чечим бейтаптын дарылоочу дарыгери тарабынан ошол күнү тастыкталат.

Мыйзам Францияда эвтаназия маселеси боюнча көп жылдардан бери жүрүп келген коомдук жана саясий талкуулардан кийин кабыл алынды.

Бөлүшүү https://test.marka.kg/kop-jyldyk-talkuudan-kiiin-franciya-evtanaziya-maselesi-bouncha-chechim-kabyl-aldy/
Жарнама