Жакынкы үч сааттын ичинде жана күн бою Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат. Катуу шамал учурунда бак-дарактардын, электр чубалгыларынын, жарнама тактайларынын жана бекем орнотулбаган курулмалардын жанында турбоо керек. Унааларды бактардын жана жеңил конструкциялардын алдына токтотпоо сунушталат.
Көчөдө жүргөндөр коопсуз жайга кирип, ал эми айдоочулар жолдо ылдамдыкты азайтып, аралыкты сактоосу зарыл. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалууга болот.
