400 окуучунун тагдыры: Имарат ээси менен ижарачынын талашы

/ Окуялар / 21

Оштогу «Кел Бил» жеке менчик мектебинин негиздөөчүлөрү Өмүрбек Акбарали уулу жана анын жубайы Үмүт Кушбак кызы мындан эки жыл мурун ижарага имарат алып, оңдоп-түзөп, окуучулары менен көчүп киришкен. Бирок азыр имарат ээси алардын чыгып кетүүсүн талап кылып жатат. Жубайлар окуу башталышына аз калганын айтып, мектеп жабылса, 400 окуучу кайда барат деп сарсаана. Ал эми имарат ээси келишим мөөнөтү бүткөнүн билдирүүдө. Учурда бул иш боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

"Кел Бил" жеке менчик мектебинин негиздөөчүлөрү Өмүрбек Акбарали уулу жана анын жубайы Үмүт Кушбак кызы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,«Кел Бил» жеке менчик мектебинин негиздөөчүлөрү Өмүрбек Акбарали уулу жана анын жубайы Үмүт Кушбак кызы

«Башында ээси менен имаратты беш жылга алабыз деп оозеки сүйлөшкөнбүз. Анан имаратты бүтүргөндө, ал эже келишимди эки жылга түзүп туралы, кийинки жылдары инфляцияга карап, улантып кете беребиз деген. Биз ал эженин сөзүнө ишендик. Мугалим калкы ишенчээк болот да. Ага ишенип жумушту улантып келе жатканбыз» — дейт Өмүрбек Акбарали уулу.

Өмүрбек Акбарали

Ал эми анын жубайы Үмүт Кушбак кызы келишим бүткөн соң аны узартуу убадасы оозеки айтылганын, ошого байланыштуу алар жаңы окуу жылына даярдык көрүп отурушканын айтты. Имаратты бошотуу чечими аларга күтүүсүз болгонун белгиледи:

«Жыл сайын ижара акысын көтөрүп, келишим жаңыланат. Быйыл 31-майда келишим бүтсө, дагы ижара акысын көтөрөт экен, келишим жаңыланат экен деген ой болгон. Анан майдын аягында имараттын ээсинин бир тууган иниси менин жолдошума байланышып, иштешүүнү убада кылган. Биз ошого ишенип мугалимдер менен келишим түзүп, жаңы окуу жылына окуучуларды кабыл ала баштагам».

Үмүт Кушбак кызы Кел Бил" жеке менчик мектебинин директору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Үмүт Кушбак кызы Кел Бил» жеке менчик мектебинин директору

Жубайлар ай сайын 550,000 сомдон 750,000 сомго чейин ижара акысын төлөп келишкен. Алар имарат мектепке ылайыкталып, оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин келишим узартылбай калганына ызаланып жатышканын айтышууда.

Бөлүшүү https://test.marka.kg/400-okuuchunun-tagdyry-imarat-eesi-menen-izharachynyn-talashy/
Жарнама